Биз социалдык тармакта

Испанияда аттракцион кулап, адамдар жабыркады

Испаниядагы "Севилья" жарманкесинде аттракцион жогору көтөрүлгөндө бузулуп, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилей кетсек, шар формасындагы "Catapult" аттракциону эки чынжырдын жардамы менен кармалат.

Социалдык тармактарда жарыяланган видеодо көрүнгөндөй, аттракцион көтөрүлүп бара жатканда кабелдердин бири үзүлүп, анын ичиндегилер кулап түшкөн.

"Севилья" жарманкеси Севилья шаарындагы эң чоң жыл сайын өтүүчү фестивалдардын бири. Бул Пасхадан эки жума өткөндөн кийин болот жана бир нече күнгө созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан