Биз социалдык тармакта

Трамп АКШ делегациясынын Пакистанга сапарын токтотту

АКШнын президенти Дональд Трамп атайын өкүлү Стив Уиткофф менен жеке ишкер Жаред Кушнердин Иран менен сүйлөшүү үчүн Пакистанга сапарын токтотту. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына билдирген.

"Бир аз убакыт мурун сапарга даярданып жаткан өз адамдарыма: “Жок, силер ал жакка 18 саат учпайсыңар. Бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Алар бизге каалаган убакта чала алышат. Бирок силер эми 18 саат учуп барып, жөн эле сүйлөшүп отурбайсыңар", — деген Трамп.

Буга чейин Трамп өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Стив Уиткофф менен кеңешчиси, ошондой эле күйөө баласы Жаред Кушнерди Пакистанга жөнөтөрү кабарланган. Тараптардын жолугушуусу 27-апрелде Пакистанда өтүшү мүмкүндүгү айтылган. Бул арада Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын пландаштырбай турганын айтып чыккан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан