Иран азырынча АКШ чыр-чатакты чечүүнүн дипломатиялык ыкмаларына толугу менен даяр экенине ишенбейт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Аббас Арагчи билдирген.
"АКШ чынында эле дипломатияга өтүүгө канчалык деңгээлде даяр экенин аныктоо үчүн дагы байкоо жүргүзүү керек", - деп жазган ал Х социалдык тармагына.
Буга удаа ТИМ башчысы жакында Исламабадга болгон сапарын “жемиштүү” деп атап, Пакистан тарап менен “Иранга каршы агрессияны биротоло токтотуунун шарттарын” талкуулаганын билдирди.
Эске салсак, 28-февралдан бери АКШ, Израил жана Ирандын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатат. Өткөн жумада тараптар ок атышууну 2 аптага токтото турууну макулдашууга жетишти. 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.
Axios агенттиги жазгандай, тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы 27-апрелге пландалган. Бирок Тегеран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү пландаштырбай турганын жарыялады. Ага удаа АКШ лидери Трамп америкалык делегациянын Пакистанга сапарын токтоткон.