Бишкекте наристени системалуу түрдө сабап келгенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 26-апрелде калаа милициясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБге өзүнүн 1 жаштагы баласын системалуу түрдө сабап жаткан жаран тууралуу маалымат келип түшкөн.
Текшерүүдө маалымат тастыкталган. Шектүү 25 жаштагы А.Б. бала менен бирге райондук милицияга жеткирилди.
Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесине (Үй-бүлөлүк зомбулук) ылайык протокол түзүлдү. Ал эми наристе адистештирилген балдар мекемесине өткөрүлүп берилди.