“Ош” эл аралык аэропортунун аймагында “Аэропорт” авиапаркы расмий пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, “Аэропорт” сейил багы 1 гектар жерди ээлейт. Анда авиамузей, Сулайман-Тоонун 3Д макети, 2 кадимки учак, сейил бак, оргума бар. Ошондой эле, жашыл аймак, түнкүсүн жарыктандыруу, өзгөчө дизайндагы отургучтар каралган.