Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн тинтүүлөрдү үзгүлтүксүз видеого тартууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору парламенттин сайтындагы коомдук талкууга коюлду.
Документ Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелейт. Ага ылайык, укук коргоо органдары тинтүү учурун толук видеого түшүрүүгө милдетүү болушат. Долбоордо мындай кадам адилеттүүлүктү камсыз кылары белгиленген. Анткени тинтүүдө айрым эпизоддорду гана тартуу күнөөсүз адамдарга айып тагууга алып келиши ыктымалдыгы бар.
Долбоордо бейкүнөө адамдардын кийимине же башка мүлкүнө колдонууга тыюу салынган заттарды сала коюп, аны алып чыкканда гана сүрөткө тартып коюу фактысы катталышы мүмкүндүгү эске алынган.