Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи ортосундагы жолугушуунун мааниси абдан жогору. Бул тууралуу Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков билдиргенин орус басылмалары жазышты.
Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп турган учурда мындай сүйлөшүүлөр өзгөчө маанилүү болуп саналат. Песков белгилегендей, тараптар аймактагы акыркы окуяларды жана Иран айланасындагы абалды талкуулашат.
Маалыматка ылайык, жолугушуу бүгүн, 27-апрелде Санкт-Петербург шаарында өтөт.