Биз социалдык тармакта

Пакистан Иран менен транзиттик сооданы кеңейтүү чечимин кабыл алды

Пакистан өз аймагы аркылуу Иранга товар транзитине уруксат берди. Бул чечим эки өлкө ортосундагы чек аралык сооданы кеңейтүүгө багытталганын Express Tribune басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, “2026-жылдагы транзиттик соода” тууралуу токтом дароо күчүнө кирип, үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарларды Пакистан аркылуу Иранга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул кадам аймактык сооданы өнүктүрүүдөгү маанилүү этап катары бааланууда.

Чечимди ишке ашыруу үчүн Пакистан өкмөтү 1950-жылдагы импорт жана экспортту көзөмөлдөө жөнүндөгү мыйзамга да өзгөртүүлөрдү киргизди. Import and Export Control Act 1950 транзиттик келишим үчүн укуктук негиз түздү.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жаңы эрежелер Пакистан аркылуу өтүп, Ирандын аймагындагы белгиленген пункттарга жеткирилген товарларга тиешелүү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан