Бүгүн, 27-апрелде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде спорттун түрлөрүн Улуттук реестрге киргизүү маселеси талкууланды.
Маалыматка ылайык, жыйындын максаты – өлкөдө өнүгүп жаткан спорт түрлөрүн системалаштыруу жана расмий эсепке алуу болду.
Комиссияга үч спорт түрү сунушталып, алардын өнүгүү деңгээли, коопсуздук талаптары жана мелдештерди уюштуруу тажрыйбасы каралды.
Талкуунун жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
• ГАММА ММА жана АММА ММА спорт түрлөрү олимпиадалык эмес спорт катары реестрге киргизилип, В тобуна кошулду
• Балык кармоо спорту С тобуна киргизилди
• Ал эми парашюттук спорт Улуттук реестрге киргизилген жок
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, мындай чечимдер өлкөдө спорт тармагын өнүктүрүүнү тартипке келтирүүгө жана системалуу башкарууга шарт түзөт.