Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен Санкт-Петербург шаарында өткөн жолугушууда Ирандын жогорку лидери Али Хаманеи тарабынан жиберилген катты алганын билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, орус башчысы жолугушуунун башында бул жагдайга токтолуп: “Өткөн жумада Ирандын жогорку лидеринен кат алдым”, - деп белгиледи.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышканы күтүлүүдө.