1-майда Бишкекте борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирип, иш-чаранын программасын жарыялады.
Ага ылайык, жаш курак боюнча чектөө коюлган эмес.
Иш-чаранын программасы:
- 8:00 - 8:45 - катышуучуларды каттоо;
- 8:50 - брифинг;
- 9:00 - Жеңиш паркынын маршруту боюнча веложүрүш башталып - Чортеков көчөсү-Жайыл баатыр көчөсүнүн кесилишинен бурулуп, финиш - "Газпром-балдарга" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинен аяктайт;
- 9:40 - финиш, катышуучулардын келиши;
- 10:00 - салтанаттуу бөлүк жана концерттик программа.