
Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө бул жылы 17-майдан 23-майга чейин болот. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, каттоо 16-май жана 20-май күндөрү саат 13:00дөн 17:00гө чейин бардык аймактардагы окуу борборлорунда жүргүзүлөт. ЖРТ 2 этапта өткөрүлөт:
- Биринчи этап - 17, 18, 19-май;
- Экинчи этап - 21, 22, 23-май күндөрү.
Министрлик абитуриенттерге тестке кирүү үчүн паспорттун түп нускасы жана талон сөзсүз болушу керектигин эскертет.