Сүлүктүдөгү “Кара-Садак” шахтасында кенчи уранды алдында калып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя кечээ, 27-апрелде орун алды. Министрликке караштуу 19 куткаруучу иш алып барып, 41 жаштагы жумушчунун сөөгүн таап чыгышты.
Маркумдун денеси тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.