
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2024-жылдын күз мезгилинде жабырлануучунун 30 миң долларлык Mercedes-Benz жана 30 миң доллалык Toyota Camry үлгүсүндөгү унааларын алып, из жашырып кеткен. Шектүү аны Маевка айылындагы 396-контурдан жер берүү убадасы менен алдаган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.