Биз социалдык тармакта

Алдыдагы эс алуу күндөрү ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштейт

Өлкөдө май майрамдарында медицина мекемелери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бул туурулуу бүгүн, 28-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 1-10-май күндөрү өлкө аймагындагы ооруканаларда күнү-түнү тез жардам көрсөтүлүп, бейтаптарды кабыл алуу үчүн керебеттердин резерви жана керектүү дары-дармектердин кору камсыздалат.

Амбулатордук мекемелерде нөөмөт саат 08:00дөн 18:00гө чейин уюштурулуп, процедуралык кабинеттер 14:00гө чейин иштейт.

"Тез жардам" кызматы өлкө боюнча, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында күнү-түнү жана дем алышсыз иштейт. Ошондой эле санитардык авиация жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтар үзгүлтүксүз нөөмөттө турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан