Өлкөгө 1,5 миллион сомдук товарды мыйзамсыз ташып киргизүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө пунктунда Toyota үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынып, тиешелүү коштомо документтери жок магнитофондор, акустикалык системдер, стоматологиялык пломбалоочу материалдар жана башка товарлар табылган.
Бул факт боюнча текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү процессуалдык чечимдер кабыл алынат.