Биз социалдык тармакта

Баткендик тургун коңшу өлкөнүн жаранын чек арадан алып өтүп, иштетип келген

Кадамжай районунда кошуна мамлекеттин жаранын чек арадан мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Үч-Коргон айыл аймагынын 33 жаштагы тургуну кошуна мамлекеттин 37 жаштагы жаранын алдап, аны өлкөгө чек арадан мыйзамсыз алып өтүп, иштетип жүргөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу", "Алдамчылык" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан