Биз социалдык тармакта

Ошто 1200 орундуу мектеп курулууда (видео)

Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы мектеп 1200 орундуу болуп курулуп жатат. Бул тууралуу 28-апрелде Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектеп 5 блоктон турган 4 кабаттуу имарат болуп салынат. Жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, дарыгердин бөлмөсү жана бардык шарттары менен спорт залы каралган.
Учурда иштеп жаткан мектеп 1964-жылы курулуп, эскилиги жеткен. Бүгүнкү күндө анда 2 миңге жакын окуучу билим алып, орун жетишсиздиги жаралууда.
Эске салсак, бул мектептин курулушун баштоого өлкө башчы Садыр Жапаров өзү катышып, мезгил кутучасын салган.
Ошто 1200 орундуу мектеп курулууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан