Биз социалдык тармакта

Жессика Альба 45 жашта: Жашоосу, карьерасы жана сыноолору

Бүгүн, 28-апрелде америкалык актриса жана ишкер Жессика Альба 45 жашка толду. Ал бала кезинен эле максатына бекем туруп, кыйынчылыктарга карабай дүйнөгө таанылган жылдыздардын бири боло алды.

Балалык чагы жана үй-бүлөлүк кыйынчылыктар

Актриса 1981-жылы 28-апрелде АКШнын Калифорния штатындагы Помона шаарында төрөлгөн. Кийинчерээк үй-бүлөсү менен Миссисипи штатына көчүп барышат.

Альбанын айтымында, анын ата-энеси улуттук өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу басмырлоого туш болушкан. Бул алардын туруктуу жумуш табуусуна тоскоолдук жараткан. Ошого карабастан, болочок актриса 5 жашынан тарта “актриса болом” деп чечим кабыл алган.

Алгачкы кадамдар жана кино дүйнөсүнө жол

Жессика 12 жашында актёрдук курстарга катыша баштап, бир жылдан кийин эле алгачкы ролуна ээ болгон. Ал “Адашкан лагерь” тасмасында кокусунан башкы ролго тандалып калган - негизги актриса ооруп калганда, анын ордуна Альбаны алышкан.

Эрте башталган карьера актрисага оңой болгон эмес. Ал мектептен кийин эс алуунун ордуна сабак окуп, узун сценарийлерди жаттоого мажбур болгонун эскерет.

Табышмактуу уурдоо окуясы

Альба 14 жашында “Флиппер” сериалына тартылып жаткан учурда белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткен. Ата-энеси талап кылынган акчаны төлөй алган эмес.

Бактыга жараша, актрисаны кокусунан автоунаанын жүк салуучу бөлүгүнөн табышкан. Кылмышкерлер табылган эмес. Бул окуядан кийин анын аты-жөнү маалымат каражаттарында кеңири жайылып, карьерасына көңүл буруу күчөгөн.

Популярдуулукка жеткирген ролдор

Бул окуядан соң актриса бир катар белгилүү долбоорлорго тартылган. Алардын арасында:

  • Беверли-Хилз, 90210
  • Кара периште (режиссёру Жеймс Камерон)

Дал ушул “Кара периште” сериалында тартылып жүргөндө ал актёр Майкл Уэзерли менен мамиле түзгөн. Экөөнүн ортосундагы 12 жылдык айырмачылыкка карабастан, үйлөнүүгө макулдук берилген, бирок 2003-жылы алар ажырашкан.

Үй-бүлө жана жеке жашоо

2005-жылы “Фантастикалуу төртилик” тасмасында иштеп жүрүп, продюсер Кэш Уоррен менен таанышкан.

Жубайлар 2008-жылы Лос-Анжелесте баш кошушкан. Алардын үч баласы бар: Онор Мари Уоррен, Хэвен Гарнер Уоррен, Хэйес Альба Уоррен.

Актриса энелик сезим анын жашоосун толук өзгөрткөнүн айткан.

Бирок Жессика Альба продюсер Кэш Уоррен менен 17 жыл бирге жашап, 2026-жылдын февраль айында ажырашты. Маалыматтарга караганда, бул мамиле сыртынан бекем көрүнгөнү менен, анын ичинде кызганыч, атаандаштык жана ишенимге доо кетирген учурлар да болгон. Узак жылдык никеден кийин жубайлар ар башка жолду тандап, ажырашууну туура көрүшкөн.

Учурда Жессика Альба 40 жаштан кийин жана ажырашуудан соң да жашоо жаңы барактан башталарын далилдеп келет. Бир нече ай мурун анын жаңы сүйүүсү пайда болгон - “Top Gun: Maverick” тасмасы аркылуу таанылган актёр Дэнни Рамирес. Ал актрисадан 11 жашка кичүү болгону менен, бул айырмачылык түгөйлөр үчүн тоскоолдук жараткан эмес. Жакында эле Жессика менен Дэнни экзотикалык аралдарда романтикалык эс алып келишип, актриса сүйүктүүсүн балдары менен да тааныштырган. Белгилүү болгондой, алар бат эле тил табышып, жакшы мамиле түзө алышкан.

Бизнес жана ийгилик

Кино дүйнөсүнөн тышкары, Альба ишкерлик менен да ийгиликтүү алектенет. Ал негиздеген The Honest Company балдар үчүн экологиялык таза продукцияларды чыгарат.

Аналитиктер компаниянын баасын болжол менен 200 миллион долларга чейин баалашкан.

Ден соолук жана карьерасын жыйынтыкташы

2021-жылы актриса ден соолугуна байланыштуу кино индустриясынан убактылуу кеткенин билдирген.

Анын айтымында, апасы жаш кезинде онкологиялык оору менен күрөшкөн. Өзү болсо бала кезинен эле өнөкөт ооруларга чалдыгып, 11 жашка чейин 5 жолу операция болгон. Ошондой эле аллергиясы да күчтүү болгондуктан, көп убактысын ооруканада өткөргөн.

Жессика Альба - бул жөн гана актриса эмес, кыйынчылыктарды жеңе билген, өз алдынча ийгилик жараткан күчтүү аял. Анын жашоосу эмгек, туруктуулук жана максатка жетүүнүн айкын үлгүсү болуп саналат.

28-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан