
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагындагы өндүрүштүк база мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, база Чүйдүн Чоң-Кемин жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан. Ал 2013-жылы 1 гектар жер тилкеси менен бирге мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен.
Натыйжада, жалпы наркы 103 миллион 243 миң сомду түзгөн турак үй жана 1 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.