Биз социалдык тармакта

Майдагы эс алуу күндөрү "Унаа" мекемесинин айрым бөлүмдөрү иштейт

1-10-май күндөрү "Унаа" ишканасынын аймактык бөлүмдөрү штаттык режимде, дем алышсыз иштейт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларындагы бөлүмдөр транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо кызматтарын саат 08:30дан 17:30га чейин көрсөтөт.

  • Бишкек: "Аю Гранд" соода түйүнү, "Биримдик 24" бөлүмү;
  • Ош шаары: Ош аймактык бөлүмү, Ош шаардык бөлүмү;
  • Манас шаары: Жалал-Абад аймактык бөлүмү;
  • Каракол шаары: Каракол бөлүмү.

Мындан тышкары, 4-8-май күндөрү айрым бөлүмдөрдө айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендер кабыл алынат.

  • Чыгыш бөлүмү (Бишкек шаары);
  • Ош аймактык бөлүмү;
  • Ош шаардык бөлүмү;
  • Жалал-Абад аймактык бөлүмү;
  • Каракол бөлүмү.

"Унаа" мекемеси жарандарга кызматтарды онлайн алуу үчүн "Түндүк" тиркемесин колдонууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан