Биз социалдык тармакта

Курулуш министрлигинде кимдер 500 миң сом маяна алышат? Орунтаев жооп берди 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде архитекторлор менен конструкторлор 500 миң сомдун тегерегинде айлык акы алышат. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анда Орунтаев аталган кесип ээлеринин жумушу оор экенин жана аткарган жумушуна жараша маяна төлөнөрүн белгилеген.

"Бизде 500 миң сомдук маяна бар. Муну архитекторлор, конструкторлор алышат. Алардын жумушу эң негизги талапка жооп берген, оор жумуш. Аларга деле 500 миң сом жөн эле бериле бербейт. Канча жумуш аткарса, ошончо айлык алышат",- деди министр.

Айта кетсек, буга чейин курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу министрликте архитекторлор менен технологдор жогорку эмгек акы алышарын айткан.

Ал эми Орунтаев министрликте орточо айлык акы 150 миң сомду түзөрүн, айрымдары 500 миң сомго чейин алышарын айткандан кийин коомчулукта кызуу талкуу башталган.

Жогорку Кеңештин 28-январдагы жыйынында айрым депутаттар Курулуш министрлигинен айтылган айлык акы боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылышкан.



Нурдан Орунтаев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан