Биз социалдык тармакта

Бишкекте телефон уурулук менен алектенген деп 1 жигит кармалды

Бишкекте телефон уурдоо менен алектенген деген шек менен 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал акыркы жолу соода борборлорунун биринин аймагында 96 миң сомдук iPhone 14 Pro Max үлгүсүндөгү телефонду уурдаган. Телефондун ээси милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө шектүү мурда бир нече жолу соттолгону аныкталды. Анын ушуга окшош дагы 13 уурулук фактысына тиешеси бар болгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкекте телефон уурулук менен алектенген делген жигит кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан