АКШнын Нью-Йорк шаарында аэротакси алгачкы жолу сыноо учуусун жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, электр менен иштеген бул учуучу унаа Манхэттенден Жон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортуна чейин жүргүнчүлөрдү жеткирген.
Долбоорду Joby Aviation компаниясы ишке ашырууда. Эгер сыноолор ийгиликтүү аяктаса, мындай аэротаксилер жакынкы жылдары кадимки транспортко айланышы мүмкүн.
Айта кетсек, аэротакси чоң дронго окшош, тик учактай түз көтөрүлүп, андан кийин кадимки учак сыяктуу уча берет. Жалпысынан учкуч менен кошо 5 адамды ташыйт.