Биз социалдык тармакта

Кыргызстан–Кытай чек арасы убактылуу жабылат

Мамлекеттик Чек ара кызматы Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы убактылуу жабыларын эскертти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 28-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, чек аранын жабылышы кытай тараптын демилгеси менен, Эмгек майрамына байланыштуу ишке ашууда. “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пункттары 30-апрелде саат 22:00дөн тарта жабылып, 2-майда саат 08:00дө кайра ачылат.

Ал эми “Бедел” өткөрүү пункту 1-майдан 5-майга чейин жабык болуп, 6-майда саат 08:00дө ишин жандантат. Бул аралыкта аталган өткөрмө бекеттерден адамдар да, жеңил жана жүк ташуучу унаалар да өткөрүлбөйт. Мамлекеттик Чек ара кызматы Кыргызстан–Кытай багыты боюнча сапар пландаган жарандарды маршрутун алдын ала тактап, сапарын туура пландоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан