Биз социалдык тармакта

Бишкекте уюлдук телефон уурдоого шектелген жаран кармалды

Милицияга С.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адам анын уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Окуя 16-март күнү саат 19:00 чамасында шаардагы соода борборлорунун биринде болгон. Белгисиз адам жабырлануучунун 96 миң сомдук iPhone 14 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун жашыруун алып кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам иштердин натыйжасында шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, 2003-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран кармалды. Ал Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кызматкерлери анын ушуга окшош дагы 13 уурулукка тиешеси бар экенин аныкташты. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Шаардык милиция жарандарды коомдук жайларда этият болууга, баалуу буюмдарын кароосуз калтырбоого чакырып, укук бузуу учурларында дароо «102» номерине кайрылууну эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан