Биз социалдык тармакта

Тегеран: Ок атышуу токтогону менен, чыңалуу сакталууда

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Мохаммад Акраминия Тегеран АКШ менен болгон “чыр-чатак толук аяктаган жок” деп эсептейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ал иран телеканалына берген маегинде учурдагы кырдаалды “дагы эле аскердик абал” деп мүнөздөп, эгер каршы тарап кайрадан чабуул жасаса, Иран “жаңы ыкмалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр менен жооп кайтарарын” эскертти.

Акраминиянын айтымында, акыркы убактылуу тынчтык маалында Иран мүмкүн болгон бута тизмесин жаңылап, курал-жарак өндүрүшүн жана модернизациясын уланткан.

Маалыматтарга ылайык, АКШ жана Израил менен чыңалуу мезгилинде ири соккулар болуп, тараптар кийин убактылуу ок атышууну токтотуу тууралуу билдиришкен. Бирок кийинки сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан