Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Пакистан армиясы кайрадан Ооганстан аймагындагы чыгыш провинцияларга ок чыгарган.
Маалыматка ылайык, Кунар провинциясынын Хас-Кунар уездинде оор куралдар колдонулуп, аткылоо жүргүзүлгөн. Жергиликтүү тургундар снаряддардын жарылуусунан дүрбөлөңгө түшүшүп, айрым үй-бүлөлөр коопсуздук үчүн үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушкан.
Учурда расмий тараптан каза болгондор же зыян тартуулар тууралуу так маалымат бериле элек.
Белгиленгендей, буга чейин да Кунар провинциясынын борбору болгон Асадабад шаарына жана Саркано уездине ракеталык чабуулдар жасалып, анда 7 адам каза болуп, 75 адам жаракат алган.