Бильярдчы Антон Нетесов “Киров-миллион” Эл аралык мелдешинин жарым финалында жеңилди

Кыргызстандык бильярдчы Антон Нетесов “Киров-миллион” Эл аралык мелдешинин жарым финалында утулду. Бул тууралуу кечээ, 26-январда мелдештин расмий сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык кий чебери жарым финалда украиналык Александр Паламарь менен кез келип, 1:5 эсебинде утулду. Жалпысынан Антон мелдеште 7 беттеш өткөрүп, 5 беттеште жеңүүчү аталган. Жыйынтыгында ал 3-орунду ээледи. 

Дагы бир кыргызстандык кий чебери Камолиддин Есиддинов мелдеште 17-орунду ээледи.

Кошумчалай кетсек, финалдык беттеш украиналык бильярдчылардын ортосунда орун алды. Анда Паламарь жердеши Ярослав Тарновецкийди 6:2 эсебинде утуп алды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан