Биз социалдык тармакта

Түштүк Кореянын мурдагы биринчи айымы Ким Гон Хиге жаза күчөтүлдү

Түштүк Кореянын апелляциялык соту мурдагы биринчи айым Ким Гон Хинин акцияларды манипуляциялоо жана паракорчулук иши боюнча жаза мөөнөтүн кайра карап чыкты. Январь айында ал 20 айга эркинен ажыратылса, эми жаза мөөнөтү төрт жылга чейин узартылды. Ошондой эле ага болжол менен 34 миң доллар өлчөмүндө айып пул салынганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Тергөө маалыматына ылайык, Ким унаа дилеринин баалуу кагаздарынын наркын манипуляциялоо аркылуу 810 миллион вон, башкача айтканда, 564 миң доллар киреше тапкан. Ошондой эле ага текшерүү органдарынан кирешелерди жашырганы үчүн да айып тагылган.

Эскерте кетсек, Кимдин жолдошу, мурдагы президент Юн Сок Ёль январь айында камакка алууга тоскоолдук кылганы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Жалпысынан мурдагы мамлекет башчысына карата төрт сот иши каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан