Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы аймакта сел жүргөнүн кабарлады.
Маалымдалгандай, кечээ, 28-апрелде саат 20:30дар чамасынан 29-апрель, таңкы саат 04:00гө чейинки жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Сузак жана Базар-Коргон райондорунун Арстанбап, Кызыл-Туу, Кыз-Көл айыл аймактарында болжол менен 30га жакын турак жайдын короолорун суу каптаган.
Мындан сырткары, Бишкек – Ош унаа жолунун 400-410-чакырымдарында майда таштар түшкөн. Аксы районундагы Кара-Жыгач – Кызыл-Көл унаа жолунун 3 жеринен: 7-11-чакырымдары аралыгында сел суулары түшүп, унаа жолу түнкү саат 02:30да убактылуу жабылган.
"Сузак районундагы сел сууларын коопсуз аймакка чыгаруу максатында 14 куткаруучу, 3 мотопомпа жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн техникалары тартылган. Базар-Коргон районундагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн жарандык коргонуу кызматтарынан 5 техника жана 4 куткаруучу тартылып жөнгө салуу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, Аксы районунда жолду ачуу максатында 5 оор инженердик техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.