Кыргызстандык спортчу Абдыназар Купуев 74 килограмм салмакта уруш түрүндөгү самбо боюнча Казакстандын президентинин байгесине арналган Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда казакстандык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Абдыназар Купуев жеңишке карай Заур Азизов (Орусия), Истам Кудратов (Өзбекстан) жана Темирлан Ишангалиев (Казакстан) сыяктуу спортчуларды жеңген.
Кошумчалай кетсек, мелдешке 17 өлкөдөн 300 спортчу катышууда.