Түркиянын Синоп аймагындагы Сарыагачайы айылында 2 жаштагы бала жоголуп кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.Бул окуядан кийин издөө иштери башталып, куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар 10 саат бою бардык тараптан издөө жүргүзүшкөн.
Бирок окуя күтүлбөгөндөй аяктап, Эмир аттуу кичинекей баланы талаанын ортосунан табышкан. Чоңдор аны издеп жаткан учурда, ал уктап калган.