Биз социалдык тармакта

Кулубаев ШКУнун башкы катчысы менен жолугушту

Бүгүн, 29-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылуунун алкагында уюмдун ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл ШКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жана мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйындарына даярдыкка бурулду.

Министр алдыдагы саммит ШКУнун 25 жылдыгына арналганын белгилеп, анын стратегиялык маанисин баса белгиледи. Ошондой эле уюмдун натыйжалуулугун жогорулатуу жана туруктуу органдарын институционалдык жактан чыңдоо маселелери каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан