Биз социалдык тармакта

Бишкек күнүнө карата гүл коюу аземи өттү

Бишкек шаарынын күнүнө арналган расмий иш-чаралардын алкагында Бишкек баатырдын эстелигине гүл коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага калаа мэри Айбек Жунушалиев, шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Усеналиев, ошондой эле мэрия өкүлдөрү, ардактуу тургундар жана Бишкек баатырдын урпактары катышты.

Аземден кийин катышуучулар "Жаштык" аренасына барып, анын заманбап шарттары жана ири спорттук, коомдук иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында Жогорку Кеңештин жаш депутаттары менен жолугушуу өтүп, жаштар үчүн түзүлгөн шарттар жана демилгелер талкууланды. Депутаттар жаштарды колдоо багытындагы мүмкүнчүлүктөр үчүн ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, шаар мэриясы жаштар уюмдарына «Жаштык» аренасынан кеңсе бөлүп берип, алардын ишмердүүлүгүн жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө шарт түзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан