Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара Акимбаева «Балажан» республикалык борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-апрелде ал Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан борборго барып, балдар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп, жамаат менен жолугушту. Иш сапардын жүрүшүндө сүрөт, кол өнөрчүлүк, хореография, комуз, STEAM, эрте өнүктүрүү жана англис тили ийримдеринин ишмердүүлүгү көрсөтүлдү.
Жолугушууда борборду өнүктүрүү, балдардын сапаттуу билим алуусу жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланды.