Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарында көркөм гимнастика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын, Көркөм гимнастика федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
Мелдеште 100гө жакын гимнаст кыздар жеке жана командалык программалар боюнча өз чеберчилигин көрсөтүшүүдө. Чемпионат тандоо мүнөзүндө өтүп, мыкты спортчулар май айында өтө турган Азия чемпиондугуна жолдомо алышат.
Жарыштар 30-апрелге чейин уланат.