Бүгүн, 29-апрелде Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар жана спорт иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Рахимзода Шабнам Карим жана Мамлекеттик спорт комитетинин спорт боюнча эксперти Курбонзода Курбонхуджа Бишкек шаарына келишти.
Маалыматка ылайык, алар Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин алдыдагы жыйынына катышат.
Өкүлдөрдү “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, ШКУга мүчө мамлекеттердин спорт тармагына жооптуу жетекчилеринин жыйыны 1-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.