Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чынгыз Токтобеков Венгриянын Стамбулдагы Башкы консулу Ласло Келлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу башкы консулдуктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар консулдук кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык багыттагы байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле бул тармактар боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйынтыгында туруктуу иш байланыштарды сактоо жана чыңдоо, өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча үзгүлтүксүз маалымат алмашуу, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.