Биз социалдык тармакта

Мелания Трамп Ак үйгө өзгөчө формадагы аары уюгун орноттурду

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Ак үйдүн түштүк газонуна президенттик резиденциянын формасында жасалган жаңы аары уюгун орнотууга тапшырма берди. Бул аймакта адатта жогорку даражалуу коноктор кабыл алынат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жаңы уюк Ак үйдүн аарычылык программасын кеңейтүүнүн алкагында орнотулган. Аны жайгаштырууга биринчи айым катары Мелания Трамп өзү да катышкан.

Эми Ак үйдүн аймагындагы аары үй-бүлөлөрүнүн саны төрткө жетти. Алардан алынган бал Дональд Трамптын резиденциясынын ашканасында колдонулуп, конокторго чай менен берилет. Мындан тышкары, балдын бир бөлүгү жергиликтүү ашканаларга кайрымдуулук катары тапшырылат.

Ак үйдүн маалыматына ылайык, жакшы жылдары бал өндүрүү 100 килограммдан ашат. Жаңы уюк орнотулгандан кийин дагы 13-14 килограммга көбөйүшү күтүлүүдө.

Бул демилге ошондой эле падыша Карл III жана ханыша Камилланын күтүлүп жаткан сапарына байланыштуу да айтылууда. Алар дагы аарычылыкты колдогон белгилүү инсандар болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан