Ош облусунун Ноокат районунда акча талап кылган аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-апрелде акча каражатын алып жаткан жеринен Ноокат райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы, С.у.М. кармалган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.