Биз социалдык тармакта

Оштогу онкология борбору жана Нарындагы оорукана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Ош шаарындагы онкологиялык борбор жана Нарын шаарындагы көп профилдүү оорукана жаңыланат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 29-апрелде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ислам өнүктүрүү банкынын миссиясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны доктор Фарид Ахмед Хан жетектеди. Анда медициналык мекемелерди модернизациялоо долбоору талкууланып, анын алкагында болжол менен 80 миллион доллар акча жеңилдетилген насыя түрүндө берилери айтылды.

Министр Ош шаарындагы онкологиялык борбордун курулушу министрликтин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул маселе Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан