Бишкекте алдамчылыкка шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр февраль айында таанышын алдап кеткен. Шектүү жабырлануучунун 60 миң долларлык Lexus JX 460 үлгүсүндөгү унаасын алдын ала төлөм катары 1000 доллар берип сатып алган. Бирок калган сумманы бербей кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.