Борбор калаадагы оргумалар иштеп баштаганын Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар күнүнө карата эки жаңыланган оргума пайдаланууга берилди.
Ала-Тоо аянтында, Бишкек мэриясынын имаратынын алдында, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында, Ата-Түрк сейил багында, Токтогул көчөсүндө оргумалар ишке кирип, шаарга көрк берүүдө.