Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев 30 чакты кулагы укпаган кыргызстандыктарды 2 кулагы укпаган казакстандык алдап кеткенин билдирди.
Эл өкүлү жабырлануучулар 2023-жылдан 2025-жылга чейинки убакта алданып калышканын айтып, ИИМди чара көрүүгө чакырды.
"Алар "силерге арзан баада батир беребиз" дешип, 20 миллион сомдой акчаны Казакстанга которуп салышкан. Азыр бул ишке ортомчу болгондор гана камакта. Алдамчылыкты уюштургандар жазасыз калышты. ИИМден Казакстандын ички иштер органдары менен биргеликте бул боюнча иш алып барууну суранам",- деди Бекешев.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев ишти көзөмөлүнө аларын убадалады.