Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн эрте бышуучу түрүнүн түшүмү жыйнала баштады.
Жергиликтүү багбан Толубай Жалилов бир жыл мурун 20 гектар жер аянтын өздөштүрүп, анын 7 гектар аянтына өрүк тиккен. Быйыл өрүктөр мол түшүм берүүдө. Ал Түркиядан өрүктүн жарым карлик фуего, приция, микадо түрлөрүн алып келген.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, багбан түшүмүн Казакстан жана Орусияга экспорттоодо.