Биз социалдык тармакта

"Бул канчалык чындык?" Парламентте Көлбаевдин мүлктөрүнүн дайыны суралды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган мүлктөрүнүн дайынына кызыкты.

"Анын аябай көп мүлктөрүн мамлекетке алдык деген маалыматтар чыкты. Болгону өзү жашаган үйүн бала бакча кылыпсыңар. Калган мүлктөрү эмне болгон? УКМКнын мурдагы кызматкери Эдуга (ред.: Элдар Жакыпбеков) Көлбаевдин анча-мынча байлыктары өтүп кеткен деген маалыматтар болуп жатат. Бул канчалык чындык?",- деди эл өкүлү.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Замирбек Кененбаев депутатка Көлбаевдин алынган мүлктөрү боюнча жеке кат түрүндө жооп берүүнү убадалады. Ал агенттикке өткөн Көлбаевдин мүлктөрүнүн сатылганы жана социалдык объектке берилгени боюнча тизме бар экенин кошумчалады.

"Бул канчалык чындык?" Парламентте Көлбаевдин мүлктөрүнүн дайыны суралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан