Бүгүн, 27-январда “Шериктештик кубогу-2014” Эл аралык мелдешинде 21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасы Эстония менен беттешет. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, “А” тайпасындагы командалардын ортосундагы бул беттеш Бишкек убактысы боюнча 14:00дө башталат.
Эске салсак, бул “Шериктештик кубогу-2014” Эл аралык мелдешинде Кыргызстан курама командасынын катышуусундагы үчүнчү беттеш. Тайпалык баскычтын 1-турунда кыргызстандык футболчулар Украинага 2:0 эсебинде утулган. 2-турда Кыргызстан Тажикстан курама командасы менен 2:2 эсебинде тең ойногон.