
Быйыл мектептерде Акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өткөрүлөт. Бул тууралуу 30-апрелде Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча жана башка баалуу каражаттарды чогултууга, ошондой эле мектепте өткөрүлүүчү салтанаттан тышкаркы иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.
Ошондой эле мектеп аймагында травматикалык фейерверктерди, кооптуу каражаттарды колдонууга жана гелий шарларды учурууга жол берилбейт.
Айта кетсек, мындай чечим мектеп окуучуларынын жазгы каникулунун төрт күнгө узартылышына байланыштуу
кабыл алынган.