1-майдан тартып Бишкек – Ош жана Бишкек – Манас аба каттамдары боюнча бирдиктүү баа системи ишке киргизилет. Бул чечим “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов менен жергиликтүү Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU авиакомпанияларынын ортосунда өткөн жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы эрежеге ылайык, Бишкек – Ош багыты боюнча алдын ала брондоо учурунда билет баасы 3800 сомдон башталат, ал эми учууга жакын күндөрү максималдуу баа 5900 сомдон ашпайт. Бишкек – Манас багыты боюнча баштапкы баа 3500 сом, ал эми эң жогорку баа 5500 сом болуп белгиленди.
Мындан тышкары, Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын билеттери Бишкек – Ош багыты боюнча эң көп дегенде 5500 сом, ал эми Бишкек – Манас багыты боюнча 4100 сомдон ашпайт.
Самидинов белгилегендей, ички аба каттамдарды жеткиликтүү кылуу мамлекет үчүн маанилүү маселе болуп саналат. Жаңы тарифтер рынокту туруктуу кылып, баанын кескин өзгөрүшүн алдын алууга жана жүргүнчүлөр үчүн ачык, түшүнүктүү шарттарды түзүүгө жардам берет.